Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Оппозиция бийликти басып алууну пландаганы тууралуу видео тарады


Кыргызстанда оппозиция лидерлери бийликти басып алууну пландап жатканы тууралуу видео интернетке тарады.

Тасманын башында "Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Дуулатбек Турдуналиев Азимбек Бекназаров менен бирге 14-мартта Талас менен Жалал-Абадда, 24-мартта Ошто башаламандык уюштуруп, бийликти басып алганы жатат" деп жазылган.

Ичинде Кадыров, Турдуналиев жана Асановдун сүрөтү коюлуп, үч кишинин жашыруун сүйлөшүп жатканынын аудиосу коюлган. Тасмада бийликти басып алгандан кийинки кадамдар, канча адам чогулары, уюштуруу иштери кандай болору жана кызматтар кандай бөлүштүрүлөрү тууралуу кеп болот. (RK)

XS
SM
MD
LG