Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Президент тышкы иштер министри менен чек ара коопсуздугун талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлиги улуттук кызыкчылыктарды коргоодо эл аралык укук нормаларын бекем карманып, маселелерди чечүүдө конструктивдүү, өтө этият болуусу керектигин баса белгиледи.

Өткөн аптадан бери Аксыда кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу тилкеге өзбек чек арачыларынын кирип алышы маселе жаратууда. Расмий Ташкент Кыргызстандын дипломатиялык нотасына жооп бере элек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG