Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Апрель окуясы боюнча бүгүнкүгө пландалган соттук отурум эртең өтмөй болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" жабыркаган тараптын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүнкү отурумга соттолуучу тараптын адвокаттарынын бири келбей калганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды.

Иш республикалык аскер сотунда каралууда.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген апаат учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевге каршы митингге чыккан 90го жакын адам набыт кеткен. Апрель окуясы боюнча сот ошол эле жылы ноябрда башталган.

2014-жылдын 25-июлунда Бишкек гарнизонунун аскердик соту УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган өкүм чыгарган. Ал эми Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылса, дагы бир катар жооптуу кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген.

Бирок эки тарап тең мындай өкүмгө макул болбой жогорку инстанцияга доо арыз жолдогон. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG