Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Брюссель аэропортунда кош жардыруу болду


Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, 22-март күнү эртең менен Бельгия баш калаасындагы Завентем аэропортунда эки жардыруу болду. Reuters агенттиги бир канча киши жараат алганын жазды.

BBC бир киши набыт кеткенин, аба майдандагы кишилер коопсуз аймакка чыгарылганын кабарлады. Маалыматтарга караганда, бомба учуу залында жардырылган. Анын алдында атышуу болгону айтылууда.

Аэропорт жана темир жол каттамдары убактылуу токтотулду.

Брюсселде төрт күн мурун былтыр ноябрда Парижде 130 кишинин өмүрүн алган теракттын уюштуруучуларынын бири экени айтылган Салах Абдеслам аттуу жаран кармалган эле.

XS
SM
MD
LG