Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Брюсселдеги жардыруулар 20дан ашуун өмүрдү кыйды


Брюсселдин метросундагы жардыруудан кийин, 22-март, 2016-жыл.

Брюсселдин метросундагы жардыруудан кийин, 22-март, 2016-жыл.

Брюсселдеги Завентем аэропортунда жана “Мэлбек” метростанциясында бүгүн эртең менен уюштурулган жардыруулардан кеминде 21 киши мерт болду. Жергиликтүү булактар кабарлагандай, жараат алып ооруканага жеткирилгендердин саны 35тен ашат.

Аэропорттун учуу залында бүгүн таңкы саат жетилерде эки ирет бомба жарылган. Андан мурдараак атышуу болгону, айрым кишилердин араб тилинде кыйкырык салганы кабарланган. Аба майдандагы жардыруудан бир саат өтүп, шаардын борборундагы метростанцияда бомба жардырылды.

Аэропорт жана темир жол каттамдары убактылуу токтотулду.

Брюсселде төрт күн мурун былтыр ноябрда Парижде 130 кишинин өмүрүн алган теракттын уюштуруучуларынын бири экени айтылган Салах Абдеслам аттуу жаран кармалган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG