Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Казак парламентиндеги көп мандат “Нур Отанга” берилет


Казакстанда 20-мартта өткөн шайлоодо жеңип чыккан президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы парламенттеги 107 депутаттык орундун 84үнө ээлик кылат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн кабарлады.

Калган мандаттар “Ак жол”, “Коммунист элдик партиясы” жана этникалык топтордон эл өкүлү болуп келгендерге бөлүнөт.

Парламенттин төмөнкү палатасына өткөн шайлоо жыйынтыгында “Нур Отан” 82 пайыз добуш алганы кабарланган. Эл аралык байкоочулар бул шайлоо эл аралык стандарттарга дал келбегенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG