Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

Оппозициялык активисттердин жашыруун сүйлөшүүсү деген дагы бир тасма тарады


Бүгүн интернетке оппозициялык саясатчылардын жашыруун сүйлөшүүсү деген дагы бир тасма чыкты. "Кутумчулар" деген аталыш менен аноним даректен жарыяланган 20 мүнөттүк видеотасмага оппозиционерлер Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун сүрөтү коюлуп, үч адамдын ортосунда болгон сүйлөшүүнүн аудиосу тиркелген.

Башында "20-мартта Азимбек Бекназаровдун адвокаттык кеңсесинде К.Кадыров, Б.Асанов, Р.Жээнбеков, М.Абылов, У.Маматаев, К.Кошалиев, М.Чолпонбаев, Б.Назаралиев, Э.Карыбеков, Э.Асаналиев бийликти басып алуу планын талкуулашты" деген жазуу турат.

Ушундай эле тасма интернетке кечээ кечинде да чыккан.

Анын башында "Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Дуулатбек Турдуналиев Азимбек Бекназаров менен бирге 14-мартта Талас менен Жалал-Абадда, 24-мартта Ошто башаламандык уюштуруп, бийликти басып алганы жатат" деп жазылган. Кадыров, Турдуналиев жана Асановдун сүрөтү жана үч кишинин сүйлөшүп жатканынын аудиосу коюлган. Тасмада бийликти басып алгандан кийинки кадамдар, канча адам чогулары, уюштуруу иштери кандай болору жана кызматтар кандай бөлүштүрүлөрү тууралуу кеп болот.

Бектур Асанов “Азаттыкка” комментарий берип жатып үчөө жолукканын тастыктады, бирок бийликти күч менен басып алуу эмес, мыйзамдуу жол менен кетирүү тууралуу сөз болгонун билдирди жана бул аудиону каралоо, оппозицияны жаманатты кылуу аракети деп атады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG