Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Гүлбак айылынын тургундары: Өзбекстан кирген аймакта үлүш жерлерибиз калды


Гүлбак айылынын тургундары
Гүлбак айылынын тургундары

Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Гүлбак айылынын тургундары өзбек чек арачылары кирип алган аймакта алардын үлүш жерлери калганын айтып, өкмөттөн маселени тезирээк чечүүнү суранууда. Бул тууралуу алар бүгүн "Азаттыктын" кабарчысына билдирип, 20 жылдан бери иштетип келатканын, быйыл азыркы окуяга байланыштуу ал жакка өтүп бара албай жатканын айтышты.

Гүлбактыктардын айтуусунда, 1994-жылы жер көчкү жүрүү коркунучуна байланыштуу аймактардан көчүрүлгөн жарандарга ошол тилкеден ар бир адамга 1 соткадан жер берилген болчу, ошондон бери эгин айдап, иштетип келатышкан.

Учурда Гүлбак айылында 30 түтүн үй-бүлө жашайт.

18-марттан бери Аксы аймагында кыргыз-өзбек чек арасынын такталып бүтө элек тилкесине Өзбекстандын чек арачылары блок-пост коюп турат. (RsK)

XS
SM
MD
LG