Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Оштун борбордук аянтында үч миңдей милиция чогулуп турат


Ошто милиция менен элдик кошуунчулардын шайлоодо коопсуздукту камсыз кылууга даярдыгы башталды.

Ошто милиция менен элдик кошуунчулардын шайлоодо коопсуздукту камсыз кылууга даярдыгы башталды.

Ушу тапта Ош шаарынын борбордук аянтында үч миңдей милиция кызматкери чогулуп турат. Интернетте бул иш-чара бийликтин 24-мартта Ошто өтө турган жыйынга карата каршы иш чара катары бааланууда.

Бирок облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев бул жоромолду четке кагып, пландык негизде уюштурулган кадимки ишке бөлүштүрүү жана алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо коопсуздукту камсыз кылууга даярдык экенин айтууда:

- Март айында жазгы кызматтык кийимге өткөнүбүзгө байланыштуу штаттык кароо жана жекшембиде боло турган шайлоого даярдык, ишке бөлүштүрүү. Биз менен чогуу бул жерде элдик кошуундар да турат. Алар ар бир шайлоо участкасына 5тен бөлүнүп, милиция кызматкерлери менен биргеликте коомдук тартипти камсыз кылат.

Ашырбаевдин айтуусунда, учурда аянттагы иш-чарада 3 миңдей милиция жана 2 миңге жакын элдик кошуунчу турат.

27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештер шайланат.

24-мартта Ошто оппозициянын митинги өткөнү жатат. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG