Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Белградда нан саткан жерде жанкечти өзүн жардырды


Сербия баш калаасындагы нан саткан жерлердин биринде жанкечти өзүн жардырып, мерт болду. 21-март күнкү окуяда башка эч кимдин ден-соолугуна зыян тийбегенин жергиликтүү булактар кабарлады. Маалыматка караганда, ал өзүн жардырардан мурда дүкөндөгүлөрдүн баарын сыртка чыгууга мажбурлаган. Полиция окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди.

Аталган магазин өлкөнүн мурунку маданият министри Братислав Петковичке таандык экени айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG