Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Москвада ЖККУ жыйынында кыргыз-өзбек чек арасындагы абал талкууланууда


Бүгүн Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн соңку кырдаал талкууланып жатат. Уюмдун маалымат катчысы Владимир Зайнетдиновдун "Азаттыкка" айтымында, ЖККУнун Туруктуу кеңешинин жыйыны Бишкек убактысы боюнча эки жарымда башталды. Ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн бирикмедеги туруктуу өкүлдөрү катышып жатат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

​18-марттан бери Кыргызстандын Аксы районуна жакын жердеги кыргыз-өзбек чек арасынын такталып бүтө элек тилкесинде өзбек аскерлери техникасы менен турат. Кыргыз тарап бул мыйзамсыз кадам экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG