Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту орусиялык эки журналисттин өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан Савченкону айыптуу деп таап, 22 жылга эркинен ажыратты жана 30 миң рубль айыппул салды. Сот өкүмдү окууну 21-мартта баштап, бүгүн соңуна чыгарды.
Савченко өзүнө коюлуп жаткан айыптоолордун бардык пункттары менен күнөөлүү деп табылды.
Прокурорлор аны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. 2014-жылдан бери камакта отурган Савченко күнөөсүн мойнуна албай, орусиячыл жикчилдер уурдап, Москвага өткөрүп бергенин белгилеп келет. Киев өкмөтү жана Батыш лидерлери аны саясий туткун экенин айтышкан.