Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Өзбекстанда эки жүк ташыган поезд кагылышты


Сыр-Дарыя облусунун Ховос шаарчасындагы темир жол станциясында 20-мартта эртең менен эки жүк ташыган поезд кагылышканы тууралуу бүгүн маалым болду.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматына түшкөн кабарларга ылайык, поезддердин биринин машинисти уктап кетип, семафордун тыюу салган белгилерин байкабай калган. Жыйынтыгында машинист жараат алып, ооруканага түшкөн. Башка кыйроолор болбогону менен, темир жол зыянга учураган.

XS
SM
MD
LG