Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Бишкекте мугалим бачабаздыкка шектелүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек шаарындагы "Жаш техниктер" окуу борборунун мугалими бачабаздыкка шектелип кармалды. Шаардык билим берүү башкармалыгы адатта мектеп мугалимдер ишке аларда психологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп турат деп ишендирүүдө.

Бишкек шаарындагы “Жаш техниктердин станциясы” деп аталган өнөргө үйрөтүүчү окуу борбордун мугалиминин кармалышына ийримге катышып жүргөн эки окуучунун ата-энелеринин милицияга жазган арызы негиз берген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев буларды билдирди:

- “Жаш техниктер станциясы” деп аталган балдар борборунун радиотехника ийриминде билим алып жаткан он жаштагы окуучу кыздын ата-энеси 17-мартта милицияга арыз менен кайрылган. Арызда алардын кызын ушул эле ийримдин Виталий С. аттуу мугалими класска камап алып, дене-башын кармалап, ыплас иштерге барганы айтылган. Мындан көп узабай ушул эле окуу борбордо билим алган, 10 жаштагы башка окуучунун ата-энеси да алардын кызын ошол мугалим бөлмөнүн эшигин бекитип алып, зордуктоого аракет кылганын айтып арыз жазышкан. Ушул эки фактынын негизинде 44 жаштагы мугалим кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Айыпталуучу бул жерге ишке киргенине бир жылдай болуп калган экен. Ал буга чейин Өзбекстандан көчүп келгени аныкталды. Окуя боюнча азырынча кылмыш иши козголо элек.

Ал эми аталган окуу борборунун жетекчиси Фарида Касымова иликтөө иштери бүткөнчө комментарий бере албастыгын билдирди. Анын айтымында, бул жумушта ал болгону бир ай иштеген:

- Мен милиция кызматкерлери келип-кеткенин да көргөн жокмун. Кандай арыз болгонун, кандай айыптоо болуп жатканын билбейм. Ал мугалимди деле бир жактуу каралай албайм, кандай болгонун биз билбейбиз. Иликтөө жүрүп жатканда комментарий бергенибиз да туура эмес болуп калат экен.

- Таза педофил адамдар аябай аз болот. Алар адатта мектепке, интернаттарга, кыскасы балдар көп жерлерге жумушка орношууга аракет кылышат.
Психолог Перизат Асылбаева

“Жаш техниктердин станциясы” радиотехника, видеотехника, механика, компьютер, сүрөт, кол өнөрчүлүк жана башка өнөргө үйрөткөн кадыр-барктуу борборлордун бири. Анда 24 ийрим иштеп, ага шаардын булуң-бурчунан 5 жаштан 18 жашка чейинки миңге чукул бала келип, өнөр үйрөнүшөт. Окуу борборунда 20-30дай мугалим эмгектенет.

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мээрманова буларга токтолду:

- Биз ушундай нерселерди алдын алуу үчүн былтыртан бери массалык түрдө бардык мугалимдерди психдиспансерден, наркодиспансерден текшерүүдөн өткөрүп, ар бир мугалимдин соттолбогондугу боюнча аныктамасын талап кылып жатабыз. Ишке алганда да ушулардын баарын сурайбыз. Тиги мугалимдин да бардык аныктамалары болгон жана мурдагы жетекчилиги жакшы деген гана сунуштама берген экен. Ошентсе да биз азыр муну четке да кага албайбыз, болду деп да айта албайбыз, тергөөдөн кийин билинет. Бирок кантсе да биз үчүн бул аябай оор, жаман окуя. Мындайга жол бербеш үчүн мектеп директорлоруна катуу эскертүүлөрдү берип жатабыз. Сабактан тышкаркы учурларда окуучуларды тыкыр көзөмөлгө алууну талап кылып атабыз.

Бирок эксперттер окуя болгондон кийин эмес, ага чейин профилактикалык иштерди күчөтүү керектигин айтышууда. “Альтернативаларды илгерилетүү” коомдук уюмунун психологу Перизат Асылбаева буларды айтты:

- Адамдарды жумушка алып жатканда формалдуу түрдө, штамп катары аныктама алуу аздык кылат. Өзгөчө балдар билим алган жерлерге ишке алып жатканда мугалимдерди абдан текшерүү керек. Мисалы, чет өлкөдө жумушка алууда адамдарга атайын психологиялык тестирлөө жүргүзүшөт. Кызматкер 1,5-2 саат компьютерде 500 суроого жооп берет. Ошонун жыйынтыгында андан кандай кооптуу нерселерди күтсө болот, пейили кандай, ар кандай кырдаалдарда кандай жолдорго барат - мына ошонун баарын аныктап алышат. Ошого жараша же жумушка алышат, же албай коюшат. Бизде да ушундай нерсени киргизүү керек.

Асылбаеванын белгилешинче, мындай нерсе өзгөчө мектептерге жана бала бакчаларга зарыл:

- Таза педофил адамдар аябай аз болот. Алар адатта мектепке, интернаттарга, кыскасы балдар көп жерлерге жумушка орношууга аракет кылышат. Анткени алар ошол жерден өздөрүнө курмандык издешет. Ошол себептүү ар бир билим берүү мекемесинде балдарга зордук-зомбулук тууралуу көбүрөөк айтып, тренингдерди, сабактарды такай өтүп туруу зарыл. Баланын денесине тийгенге эч кимдин укугу жок, кантип коргонуу керек дегенди үйрөтүү зарыл. Ошол эле кезде мугалимдердин өздөрүнө да балдарды кантип коргоо тууралуу нерселерди көбүрөөк үйрөтүү зарыл.

Күч кызматтарынын кабарлашынча, Бишкек шаарындагы мектептерде буга чейин мында бачабаздык боюнча факты катталган эмес.

Буга чейин Ош шаарындагы медресенин мугалими тогуз жаштагы баланы зордуктаган деп айыпталып кармалган. Алгач психикалык оорулуу экендиги боюнча талаш болуп, сот иши үч жылга созулган. Жыл башында Ош шаардык соту медресенин мударисин 15 жылга эркинен ажыраткан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG