Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Мектеп театрлары таймашат


Куурчак театры.
Куурчак театры.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 23-25-март күндөрү мектептер арасында театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Кароо-сынак 3 айлампага бөлүнгөн. Биринчиси райондордо 25-январга чейин уюштурулган. Ар бир райондон эң мыкты деп табылган бирден спектакль экинчи айлампага жолдомо алган. Андан кийин облустарда, Ош жана Бишкек шаарларында 25-февралга чейин өткөрүлүп, эң мыкты деп тандалган бирден спектаклдер үчүнчү турда сынга коюлмакчы. (ZA)

XS
SM
MD
LG