Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

Бишкекте хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогуна арналган мелдеш болот


Тоо арасындагы хоккей

Тоо арасындагы хоккей

Хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогуна арналган эл аралык мелдеш Бишкекте 8-16-апрель күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, башкалаадагы муз майданда боло турган оюндарга Кыргызстан, Малайзия, Индия, Макао жана Катардын хоккей боюнча улуттук курама командалары катышат. Эл аралык хоккей федерациясынын демилгеси менен уюштурулуп жаткан турнирге кыргыз хоккейчилери быйыл үчүнчү жолу катышат.

“Азия чакырыгы” кубогунун 2014-жылдагы оюндары Бишкекте өтүп, финалда Кыргызстан курамасы Макаого аз гана айырма менен, 5:4 эсебинде утулуп калган эле. Былтыр Кувейтте болгон мелдеште коло медаль тагынышкан. Бул кубоктун жеңүүчүсү Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында топ дивизиондо ойноого мүмкүнчүлүк алат. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG