Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Брюсселдеги жардыруулар үчүн ИМ жоопкерчилик алды


Бельгиялыктар аза күтүүдө.
Бельгиялыктар аза күтүүдө.

Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ Бельгиядагы кош жардырууну уюштурганын моюнга алды. Өлкө бийлиги ага чейин окуяны теракт деп атаган эле. Азыр полиция жардырууларга шектүү үч адамдын тек-жайын аныктап, издеп жатканын кабарлады.

Бельгия падышасы Филипп телеканал аркылуу элге кайрылып, террорчулар таштаган чакырыкка жооп кайтарууну убада кылды. Премьер-министр Шарль Мишель жардырууларды Бельгиянын тарыхындагы эң кандуу калаба катары баалады.

Кандуу окуяларды АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Түркия баштаган ондогон мамлекеттердин лидерлери айыпташып, бельгиялыктардын аза кайгысын тең бөлүшө тургандыктарын жарыялашууда.

Брюсселдеги жардыруулар Завентем аэропортунда жана Мэлбек метростанциясында 22-март күнү эртең менен болгон. Андан кеминде 34 адам каза таап, эки жүздөн ашык киши жараат алып, ооруканага түштү. Бельгияда үч күндүк аза күтүү жарыяланып, коопсуздук эрежелери күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG