Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Каржы министрлиги дайвинг боюнча планынан баш тартты


Кыргызстандын Каржы министрлиги өз кызматкерлерине дайвинг үчүн шарт түзүп берүү планынан баш тартты. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган мекемеден кабарлашты.

Министр Адылбек Касымалиев бул тууралуу кабары жок экенин жалпы жыйында айтып, дайвинг кызматына тендер жарыялаган кызматкерлерине катуу сөгүш жарыялады.

Буга чейин Каржы министрлиги 15 кызматкерине 1 жылга дайвинг үчүн "бассейндин узундугу 25 метрден, тереңдиги 5 метрден кем болбошу керек" деген талап койгон. Буга 230 миң сом коротууга даяр экени билдирген.

Дайвинг - сууда сүзүп, эс алуу түрлөрүнүн бири. (RK)

XS
SM
MD
LG