Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

УКМК: Мамкаттоо кызматынын статс-катчысы пара алып жатып кармалды


Мамкаттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кабарлоодо. Маалыматка караганда, 12-мартта бир жарандан Шериповго карата арыз түшкөн. Анда статс-катчы жалпы баасы 7 миң долларлык эки унаасын, паспортун тартып алып, 550 миң сом пара талап кылып жатканы жазылган.

Окуя боюнча Шериповго жана мекеменин дагы бир кызматкерине карата кылмыш иш козголуп, экөө тең Бишкек милициясынын убактылуучу кармоочу жайына камалды.

Кылмышка шектүү Нурлан Шерипов Мамкаттоо кызматынын статс-катчылыгына былтыр июль айында дайындалган. Ал мекемеде кадрдык, каржылык жана уюштуруу маселелерин тейлечү. (RK)

XS
SM
MD
LG