Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Ысык-Көлдө бруцеллезго чалдыккандар саны өсүүдө


Ысык-Көл облусунда быйылкы жылдын 2 ай аралыгында 18 адам бруцеллез илдетине кабылган. Бул тууралуу облустук жыйында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Эсенбек Сатылканов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырганда 3кө көп.

Ал эми жыйынга катышкандар бул илдет негизинен базарда сатылган сүт азыктары аркылуу жугуп жаткандыгын айтып, көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгилешти. (AsM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG