Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Оппозиция парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу талабын коюуда


Оппозиция Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чогулуп, чек арада түзүлгөн кырдаалды талкуулоого чакырууда. Бул тууралуу "Эл үнү" оппозициялык кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтты.

Ал президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Темир Сариевдин кызматтан кетүүсүн талап кылды.

"Парламент ратификацияламайынча жерлер берилбеши керек. Бирок өкмөт өзүнүн протоколунда ал жерди Өзбекстандыкы деп таанып жатат. Өкмөттүн бул аракети мыйзамсыз. Маселе Жогорку Кеңеште каралсын" деди Бекназаров.

Ал эми кыймылдын мүчөсү Мамбетжунус Абылов саясатчылардын сүйлөшүүлөрүн тымызын жаздырып алуу мыйзамсыз экенин айтып, "жалган маалыматтар биздин атыбызга жабыштырылып чыгарылып жатат" деп билдирди.

Бүгүн өкмөт Аксыдагы Үңкүр-Тоодогу телемунара эч жакка көчүрүлбөй турганын, аны менен байланышта иштей турган жаңы станция куруу пландалып жатканын айтты. Ага чейин Кербен шаарынын депутаттары өкмөт Үңкүр-Тоодогу станцияны башка жерге көчүрүүгө жер караштырууну суранганын айтып чыгышкан болчу.

18-марттан бери Аксыда кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде абал чыңалып турат. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG