Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Самаковдун иши боюнча сотто күбөлөр суралууда


Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши боюнча соттук отурум болду. Өткөн отурумда Самаковдун мыйзам бузганын далилдөөчү документти көрсөтүү убадасын берген күбө Нурлан Асанов бул жолу анын коопсуздугун камсыз кылып бермейинче маалыматты айтпай турганын билдирип чыкты. Ал эми дагы бир күбө Сартова жеке Самаковго доосу жок экенин, болгону анын мурдагы жардамчысы Абай Таштанбековго жерин арзан сатып жибергени үчүн таарынычы бар экенин айтты. Бирок сурак учурунда ал жер трансформациядан кийин сатылганы белгилүү болду.

Башкы прокуратура буга чейин 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча ишти тергеп бүткөнүн билдирген.

Тергөөнүн жыйынтыгында Карганбек Самаковго, Жаныш Бакиевге, ошол маалдагы президент Курманбек Бакиевге жана Самаковдун баласы Кубанычбек Самаковго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан башка Аламүдүн районундагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен мурдагы премьер-министр Игор Чудинов, экс вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев жана мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге да “кызмат абалынан кыянаттык кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG