Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

Centerra Gold жана «Кумтөр» кенди консервациялоо жолун караштырууда


Канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын жана «Кумтөр» ишканасынын жетекчилиги кенди 1-апрелден тарта консервация кылуу вариантын караштырып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тоо-металлургчулар профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кесиптик кошуун комитетинин төрагасы Калысбек Рыспаевдин айтымында, мындай чечим мамлекеттик органдардын борбордук карьерди иштетүү боюнча 2016-жылга тоо иштерин өнүктүрүүнүн макулдашылган планы жоктугу себеп болушу ыктымал.

"Учурда «Кумтөрдө» өкмөттүн 31-мартка чейинки гана убактылуу уруксаты бар» деди Рыспаев.

Компаниянын андан аркы ишине укуктук шарт түзүү үчүн "Суу жөнүндө" кодекске өзгөртүү киргизүү керек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG