Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Шайлоого жумушсуздар да аттанды


Парламенттик шайлоо
Парламенттик шайлоо

27-мартта жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоо коомчулуктун кызуу талкуусундагы маселе болууда. Депутаттыкка 10дон ашык партиялардын талапкерлери ат салышууда.

Талапкерлердин көпчүлүгүн ишкерлер, спортчулар жана жумушсуздар түзгөнү көп суроо жаратууда.

Жергиликтүү кеңештердин курамын канткенде сапаттуу кылабыз же бул жолку шайлоонун добуштары да акчага сатылабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымов, “Таза шайлоо” ассоциациясынын директорунун милдетин аткаруучу Айнура Усупбекова жана саясий илимдеринин кандидаты Расул Авазбеков катышты.

“Азаттык”: Нурмамат мырза, угармандарга маалымат иретинде айтып койсоңуз, 27-мартта канча жергиликтүү кеңештерге, канча шаар, айыл өкмөттөрүндө шайлоо болот? Ага канча шайлоочу катышат?

Нурмамат Ашымов: Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн календарлык планына жараша иш алып барат. Акча каражатын айтсак, бул шайлоого 27 миллион сомдун тегерегинде акча жумшала турган болуп атат.

Шайлоо эки багыт менен жүрөт, биринчиси - кезектеги шайлоо, экинчиси - мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Шайлоо Кыргызстандын алты шаарында жана 21 айыл өкмөтүндө өтөт. Жалпысынан 201 шайлоо участогу уюштурулду, алардын 199унда интернет байланышы түзүлгөн, эки участокто добуштар кол менен саналат. Бул шайлоого жалпысы 270 миңден ашык шайлоочу катышат. Саясий өнөктүккө 24 партиянын өкүлдөрү ат салышып жатат.

“Азаттык”: Мурдагы шайлоолорго караганда бул жолу кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр бар?

Нурмамат Ашымов: Өзгөрүүлөр бар. Биринчиден, биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Экинчиден, шайлоого катышуу үчүн шайлоо өткөн коомчулуктун өкүлү болушу талап кылынат, б.а. ошол аймакта каттоосу болушу зарыл. Анан 18 жашка толуп, мурда соттолбогон болушу талап катары каралууда.

Эсептөөлөрдүн баары биометрикалык маалыматтардын негизинде электрондук түрдө жүргүзүлөт, анан кол менен кайра саналат. Ошонун негизинде гана жыйынтык чыгарылып, анан жалпыга жарыяланат.

Бир гана катуу талап - соттолгону алынып салына элек же жоюла элек адам гана шайлоого катыша албайт. Эгер мурда соттолуп, анысы шайлоого чейин жоюлса, ал дагы катыша алат.
Нурмамат Ашимов

“Азаттык”: Айнура айым, бул жолку шайлоонун демократиялуулугу, партиялык принциптердин сакталышы боюнча жаңы кадамдарды айта алабызбы?

Айнура Усупбекова: Демократиялык принциптер мыйзам жүзүндө жазылган. Мурда болуп келген мыйзам бузууларга азыркы мыйзам жол бербейт. Борбордук шайлоо комиссиясы тигил же бул жерде кийлигишип же кысым көрсөтүп жатат деген маалыматтар бул жолу болгон жок.

“Азаттык”: Расул мырза, Ош шаарындагы шайлоого аттанган партиялардын көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамы: билими, иштеген орду, кесиптик дарамети жөнүндө айтканда кандай мүнөздөмө берет элеңиз?

Расул Абазбеков: Негизи Ош шаарында 13 партия аркылуу миңден ашык талапкерлер ат салышууда. Алардын арасында эч жерде иштебеген, билим деңгээлинен шек жараткан адамдар бар экендиги анык. Мисалы, бир партия 76 талапкердин тизмесин беришкен, анын ичинен 48и жумушсуз. Башка бир партияда 80 адамдын тизмеси берилсе, алардын жарымы бир эле мекемеде иштешет.

Ошол эле мезгилде шайлоого катышып жаткандардын арасында ишкер чөйрөдө таанылган, шаардык мекемелерде иштеген чиновниктердин айрым өкүлдөрү бар. Айрым жаңы жүздөрдү да көрүүгө болот. Алар бул убакка чейин шаарга алгылыктуу иш жасап таанылбагандар. Шаардык кеңешке бараткан талапкерлердин жалпы сапаттык курамы ушундай.

Шайлоочулар партияларды бай-кедейге бөлүп, "ким канча акча берет?" деп күтүп отурушат. Партиялар эптеп кеңештен беш-алты мандат алууга жүгүрүп жүрүшөт.
Айнура Усупбекова

Нурмамат Ашымов: Мыйзам боюнча жергиликтүү кеңешке шайлоого катышууга талапкердин жашы 21ден жогору болушу керек. Бул жерде улуту, жынысы, иштеген жери, билими барбы же жокпу чектөө жок. Бир гана катуу талап - соттолгону алынып салына элек же жоюла элек адам гана шайлоого катыша албайт. Эгер мурда соттолуп, анысы шайлоого чейин жоюлса, ал дагы катыша алат.

Айнура Усупбекова: Албетте, партиялардын талапкерлердин арасында алдыңкы адамдар - жогорку окуу жайынын мугалимдери, базаркомдор ж.б. деле бар. Партиялар негизги басымды программаларды элге жеткирүү эмес, добуштарды сатып алууга умтулушуп, ошого акча топтоп жатышат. Ошондуктан шайлоочулар партияларды бай-кедейге бөлүп, "ким канча акча берет?" деп күтүп отурушат. Партиялар эптеп кеңештен беш-алты мандат алууга жүгүрүп жүрүшөт.

Расул Абазбеков: Шаардагы шайлоочулардын партияларга койгон дооматтарынан бири алардын көпчүлүгүнүн програмасында Ошту кантип өнүктүрөбүз, бюджетин кантип көбөйтөбүз деген сунуштарынын жоктугу болууда. Көп партияларда жалпы сөздөр арбын, лозунгдары, ураандары мурдагыдай эле эски экендиги айтылууда. Ошентсе да ат салышып жаткан 13 партиянын ичинен бир партия гана жаңы ойлорду айтууга аракет кылууда.

Дагы бир жагдай. Өткөн жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосундагыдай эле жолдорду оңдоп, шагыл төгүп берген иштер болууда.

XS
SM
MD
LG