Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Тышкы иштер министри коопсуздук маселесин талкуулады


Чек ара маселесине арналган Аксыдагы жыйын, 22-март, 2016-жыл.
Чек ара маселесине арналган Аксыдагы жыйын, 22-март, 2016-жыл.

Министр Эрлан Абдылдаев 23-мартта Бириккен улуттар уюмунун баш катчысынын атайын өкүлү, Ашхабадда жайгашкан Борбор Азиядагы алдын алуу дипломатия борборунун башчысы Петко Драганов менен жолугушту. Тараптар аймактык коопсуздук, чек ара, суу ресурстары жана чөлкөмдөгү өз ара кызматташтык маселелерин ортого салышты.

БУУнун өкүлү өзү жетектеген борбордун көмөгү менен Борбор Азия мамлекеттеринин активдүү диалогун улантуунун маанисин белгиледи. Эрлан Абдылдаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да телефондон байланышып, анда аймактагы кырдаал, Шанхай кызматташтык жана ЖККУнун алкагындагы өз ара алака тууралуу кеп козголгону кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG