Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Орто-Токойдун суусу Өзбекстанга эми келишим негизинде гана берилмей болду


"Мындан кийин Орто-Токой суу сактагычынан сууну Өзбекстанга келишим аркылуу беребиз, бирок өзбек тарапка суу берүү жагынан маселе болбойт" деп билдирди бүгүн өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров.

Ал ошондой эле чек арадагы чыр-чатактар жылдан жылга азайып келе жатканын айтып, буга Кыргызстан өзүнчө жолдорду куруп жатканы себеп экенин кошумчалады.

Искандаровдун айтымында, "Тажикстан боюнча чек араны тактоодо жакшы жылыш бар, ал жакка 28-мартта кезектеги сүйлөшүүгө барабыз, ал эми өзбек тарап менен чек араны тактоо иштери токтоп турат".

- Өзбекстандын менчигинде турган, Кыргызстандын аймагында жайгашкан, Ноокендеги 4 суу насосун, дагы суу каналдарды, Кадамжай районунда 3 объектини кыргыз өкмөтүнүн менчигине өткөрдүк​, - деди Искандаров.

Кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу деген 58 аймак бар. Өкмөттүн маалыматына караганда, Аксыдагы Үңкүр-Тоо ошолордун катарына кирет. "Эки тараптык келишим боюнча талаштуу аймакта инжернердик ар кандай курулуштарды жүргүзбөө керек, бирок өзбек тарап бир нече жолу бул келишимди бузду" дейт Искандаров. (TSh)

XS
SM
MD
LG