Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Атамбаев: Өзбекстан айласы кеткендиктен азыркыдай кадамга барууда


"Өзбекстан айласы кеткендиктен азыркыдай кадамга барып жатат" деп билдирди бүгүн Бишкекте "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев:

- Коңшулардын көзүн карап жатып 25 жылдан бери кээ бир өзүбүздүн объектилерди өлкөбүздүн ичинде турса да өзүбүзгө ала албай жатабыз. Көзүн карап жатып көп жерден ажырап да калдык. Ошондуктан муну токтотуш керек. Мен президент болгондо Кыргызстан мындан ары эч кимдин алдында тизе бүкпөсүн айткам. Мурун коңшулар газды өчүрүп койчу же светти өчүрөбүз деп коркутчу. Акыркы беш жылдын ичинде андай рычагдын баары колунан кеткен. Айла жоктон мына мындай туура эмес нерселерге барып жатат. Бирок элибиз сабырдуулукту сакташы керек, - деди Атамбаев.

18-мартта Аксыдагы Чаласарт деген жерге өзбек чек арачылары кирип алган. Кыргыз Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтып келет. Ал эми жергиликтүүлөр ал жак башынан эле Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери бар экенин билдирүүдө. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG