Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Ак үй алдында чек арага байланыштуу нааразылык акциясы өтүүдө


Акцияга "Жаңы муун", "Кырк чоро" уюмдары катышууда
Акцияга "Жаңы муун", "Кырк чоро" уюмдары катышууда

Ушу тапта Ак үй алдында кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга байланыштуу нааразылык акциясы өтүп жатат. Ага "Жаңы муун", "Кырк чоро" жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү, башы-аягы 30дай адам катышууда.

Алар колуна "Жогорку Кеңеш тез арада чек ара маселесин карасын!", "Үңкүр-Тоо кыргыздыкы!" деген сыяктуу жазууларды кармап турушат.

Пикеттин катышуучулары өкмөттөн чек арада түзүлгөн кырдаалды чечүүнү, элге толук кабар берүүнү, Үңкүр-Тоодогу "Кербен" радиорелейлик станциясы Өзбекстандын территориясында деген маалыматтын чын-төгүнүн түшүндүрүп айтууну талап кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG