Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Өзбекстан Көк-Таш жакка БТР алып келгени тууралуу маалымат тастыкталган жок


Өзбекстан Ала-Буканын Көк-Таш деген айылынын жанындагы тактала элек жерге БТРлерин алып келди деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөмбиев кабарлады:

- Эч кандай БТР келген жок. Ал чек ара толугу менен көзөмөлдө. Чек ара наряддары кайтарууда.

Бүгүн Көк-Серек айылынын жанында, "Казахмыс" компаниясы кен казып жаткан жакта өзбек тараптын аскердик техникасы пайда болгону тууралуу кабар тараган.

Бул маалымат чындыкка дал келбесин "Азаттыкка" Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаттары да билдирди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG