Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:38

Бишкекте жаш изилдөөчүлөрдүн жыйыны өтүүдө


Бишкекте жаш изилдөөчүлөрдүн биринчи эл аралык конгресси өтүп жатат. Иш-чара Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин имаратында өтүүдө.

Конгресстин алкагында кыргызстандык магистранттар менен аспиранттардан куралган жаш изилдөөчүлөрдүн өз ара илимий кызматташуусун орнотуу аракети көрүлөт.

Илимдин ар кайсы багыттарындагы бир нече актуалдуу проблема тегерегинде талкуу жүрүүдө.

Конгресстин уюштуруучулары - Кыргыз-Түрк «Манас» университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG