Линктер

бейшемби, 27-апрель, 2017 Бишкек убактысы 18:59

Түрк аскер учактары Ирактын түндүгүндөгү Күрт жумушчу партиясынын лагерлерине чабуул коюп, ондогон согушкерлерди жок кылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Аскердик операция шаршембинин кечинде болгон.

F-16 жана F-4 учактары ок-дары сакталган кампалар, козголоңчулардын баш паанасы болгон 11 объектти талкалашканы кабарланууда.

13-мартта Түркиянын борбору Анкарада жардыруу болуп, андан 37 адам набыт болгон. Буга күрт козголоңчуларын айыптаган түрк бийлиги ошондон бери бир нече ирет алардын турумдарына абадан сокку урган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG