Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Март ыңкылабындагы жүрүш башталган жерде гүлбак ачылат


Гүлбак Шабдан Баатыр жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине ачылат
Гүлбак Шабдан Баатыр жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине ачылат

Бишкекте Март ыңкылабы болгон күнкү элдик жүрүш башталган жерде гүлбак ачылат. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Шабдан Баатыр жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ачыла турган гүлбактын долбоору менен барып таанышты.

Мамлекет башчы 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели – Кыргызстан элинин эркиндикке жана адилеттикке карай улуу жолунда оор үч ашуу болгонун белгиледи.

- 2005-жылы 24-мартта биз дал ушул жерден тынчтык жүрүшүн баштаганбыз. Кыргызстан эли Акаевдердин үй-бүлөсүнүн сөөгүнө чейин чирип бүткөн бийлигин көрөйүн деген көзү калган эмес, ошондуктан ал кулаганда бүт өлкө кубанган. Бүгүн айрым маскарапоздор 2005-жылы бийликти түштүктүктөр алган, ал эми 2010-жылы түндүктүктөр алган деп, кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышат. Аларга биз дайыма бир, биримдиктүү эл болгонбуз деп айткым келет. Ошондуктан узак жолдун үч ашуусун биз дайыма эстеп жүрүүгө тийишпиз. Бул күндөр майрам болбосо да, календарда кызыл күндөр болууга тийиш. Анткени өткөнүн билбегендин келечеги болбойт, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент мамлекеттик чек арадагы кырдаалга токтолуп, пайда болгон проблемаларды чыдамдуулук жана сабырдуулук менен чечүү, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык чечим кабыл алуу, эң башкысы – тынчтык менен туруктуулукту сактоо зарылдыгын баса белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG