Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Орусия: дыйкандар Москвага тракторчон жүрүш жасайт


Орусиянын Краснодар крайынын тогуз районунан 100 чамалуу дыйкандар Москвага трактор менен кирип келмекчи болууда. Алар крайдагы массалык жер басып алуулар боюнча президент Владимир Путинге кайрылганы жатышат. Бул тууралуу “Кавказский узел” порталы жазып чыкты.

Акция 28-мартка пландалган. Трактор жүрүшүнүн координаторлорунун бири жүрүш бийлик менен макулдашылганын айтты.

“Ошентсе деле кармап кетиши мүмкүн деп чочулап атабыз. Бирок азыркы абалыбыз андан жаман. Москвага чейин жете албашыбызды түшүнүп турабыз. Бирок биздин максат көйгөйгө көңүлдү бурдуруу” деди фермерлердин бири.

Алардын айтымында, москвалык байлардын жерлерди жана мүлктөрдү басып алуусу, ойдон чыгарылган кылмыш иштеринин козголушу, камактар, сот адилетсиздиги аймактагы майда жана орто айыл чарба ишканаларын каатчылыкка кептөөдө.

XS
SM
MD
LG