Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

УКМК: Асанов менен Кадыров бийликти басып алуу планына шектелүүдө


Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов

Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бийликти басып алуу планына байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагындагы ыкчам тергөө аракеттеринин негизинде УКМКга алынып келинди. Бул тууралуу "Азаттыкка" мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

- Бул жарандар коомдук-саясий кырдаалды дестабилизациялап, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат.

Сулаймановдун белгилешинче, тергөө иштерине тиешелүү соттук органдардан жана Башкы прокуратурадан санкция алынган.

Оппозициялык саясатчылар, "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду бүгүн "Республика" гезитинин кеңсесинде сүйлөшүп отурган жеринен 10 чакты УКМК кызматкери кармап кеткенин "Азаттыкка" гезиттин башкы редактору Замира Сыдыкова кабарлаган болчу.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген тымызын жаздырылып алынган 2 аудио тасма тараган. Ал эми сүйлөшүүгө катышкандардын айрымдары бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп атап жатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG