Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Дагы алты орусиялык спортчу допинг мыйзамын бузганы аныкталды


Швейцариянын Лозанна шаарындагы спорттук арбитраж соту допингге каршы мыйзамды бузганы үчүн алты орусиялык күлүктү сый-ургаалдарынан ажыратып, жетишкендиктерин жокко чыгарды.

Тактап айтканда спортчулар 2009-2013-жылдардагы жетишкендиктеринен жана сыйлыктарынан кол жуушту.

Жеңил атлеттер Сергей Бакулин жана жөө күлүк Юлия Зарипова 2011-жылкы дүйнө чемпионатынан алган алтын медалынан, Сергей Кирдяпкин жана Ольга Канисикина 2012-жылкы Лондондогу Олимпиададан алган алтын жана күмүш медалынан ажырашты.

Ошондой эле Владимир Канайкин жана Валерия Борчиндин да жеңиштери жокко чыгарылды.

Буга чейин да бир топ орусиялык спортчулар допинг сынагынан өтпөй калышкан. Айрымдары маселе териштирилмейинче алдыда болчу беттештерден четтетилишкен. Алардын арасында атактуу орусиялык теннисчи Мария Шарапова да бар.

XS
SM
MD
LG