Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Дубай полициясы Адил Тойгонбаевди күрөөгө бошотту


Адил Тойгонбаев
Адил Тойгонбаев

Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтуусунда, Адил Тойгонбаев өлкөдөн эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулган. Аны марттын башында Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Интерпол Дубайда кармаган эле. Андан кийин Бириккен Араб Эмирлиги менен Тойгонбаевди өткөрүп алуу маселеси талкуулана баштаганын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Азыр Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Дубайга кат даярдоодо.

Казакстандын жараны, 50 жаштагы Адил Тойгонбаев экс-президент Аскар Акаевдин тун кызы Берметтин мурдагы күйөөсү. 2005-жылдын март окуясынан кийин Кыргызстандын аймагында бир катар өнөр жай объектилерин мыйзамсыз менчиктештирген деген айыптын негизинде эл аралык издөөгө алынган. Ага алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашырган деген да күнөөлөр тагылган. Эки жыл мурун Москванын аэропортунда кармалып, бирок Кыргызстанга өткөрүлүп берилген эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG