Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

АКШ ирандык хакерлерди 2011-2013-жылдары Нью-Йорктогу бир нече банктарга жана Боуман авеню дамбасына киберчабуул жасаган деп расмий айыптады.

Жети кишиден турган хакерлер бул системаларга уюлдук модем аркылуу кирген болушу мүмкүн.

Айыптоочу тарап аларды “тажрыйбалуу компьютер хакерлери” Иран өкмөтүнүн атынан иштеген деп бүтүм чыгарды.

АКШнын башкы прокурору Лоретта Линч маалымат жыйында кеминде 46 каржы институттар менен компаниялар киберчабуулга кабылганын билдирди.

Ал эми дамбага ыктымал чабуул америкалыктарга түздөн-түз коркунуч келтирмек деп кошумчалады Линч.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG