Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

ӨКМ күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү


Кечээтен тарта аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күжүрмөн даярдык тартибинде иштөөгө өттү. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.

Мааламытта "Күжүрмөн даярдыкты күчөтүү жана күч каражаттарын дайым даярдыкта кармап, катталган өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында министр Кубатбек Бороновдун атайын буйругу чыкты" деп айтылат.

ӨКМден кабарлашкандай, 24-26-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак, муз тоңушу ыктымал.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. (RK)

XS
SM
MD
LG