Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

ТИМ Москва полициясында мерт болгон кыргызстандык боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды


Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Москва полициясында мерт болгон кыргызстандык жаран боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды.

Мекеменин маалыматына караганда, мерт кеткен жаран 22 жаштагы Нурдин Максудалиевич Айдаров экени аныкталды. Москванын Түндүк-чыгыш административдик округу боюнча экстремизмге каршы күрөшүү борбору бул маалыматты расмий тастыктады.

Айрым орусиялык маалымат каражаттары ал полиция имаратынын 5-кабатынан боюн таштаганын жазууда. Бирок мындай кадамга өзү бардыбы, кокустук болдубу же атайын жасалган ишпи, азырынча так айтыла элек.

​Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Айдаровдун өлүмүнө алып келген жагдай боюнча, ал эмне себептен кармалып, ошол жакка жеткирилгени тууралуу так маалымат берүүнү өтүндү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG