Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Атамбаев: Улуттук банк дыйкан арзан насыя алуусуна шарт түзүүсү керек


Улуттук банк кыргыз сомунун туруктуулугун, банк системасынын эффективдүүлүгүн камсыз кылуу менен катар дыйкан-фермерлердин арзан насыя алып пайдалануусуна ыңгайлуу шарт түзүүсү зарыл. Мындай талап бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушуусунда коюлду.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Абдыгулов мурда доллар менен алган насыяларды сомго которуп берүү боюнча иш тууралуу айтып берип, бүгүнкү күнгө карата 2,5 миңге жакын жарандын насыясы 2 миллиард сомдон ашуун суммага трансформацияланды.

Жолугушууда каржы системасындагы азыркы абал талкууланып, өлкөдөгү макроэкономиканын туруктуулугун камсыз кылуу жана банктык, төлөм системаларынын ишенимдүү, коопсуз шартта иштөөсү тууралуу сөз болду.

Соңку 1-2 айдан бери Кыргызстанда сомдун АКШ долларына карата курсу бекемдеп жатканы байкалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG