Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтары сүйлөшүүлөрүн баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын мамлекеттин чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, 25-мартта “Кызыл-Кыя автожолу” чек ара өткөрмө бекетинде башталган сүйлөшүү өзбек тараптын демилгеси боюнча жүргүзүлүүдө дейт Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева:

- Күн тартибинде бир гана маселе - кыргыз-өзбек чек арасындагы абал.

Жалпысынан кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу, кыргызстандык аскерлер талаш тилкеде күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Эки тараптан тең сегизден аскер турат.

18-мартта Аксыдагы Чаласарт деген жерге өзбек чек арачылары кирип алган. Кыргыз Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтып келет.

Ал эми жергиликтүүлөр ал жак башынан эле Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери бар экенин билдирүүдө.

Ушу тапта өтүп жаткан сүйлөшүүгө Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин командачысы Рустам Эминжанов катышууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG