Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Таланттуу балдар таймашы жыйынтыкталды


Үч күндөн бери жүрүп жаткан мектеп окуучуларынын республикалык театр фестивалы жыйынтыкталып, баш байгени Чүй облусунун Сокулук районунан келген Чыңгыз Айтматов атындагы №1 мектеп-лицейи жеңип алды. Аталган мектеп таймашка Чыңгыз Айтматовдун “Найман эненин ыйы” спектаклин даярдап келген.

Баш байгеге 80 миң сом берилди.

Калыстар тобунун жыйынтык чечими менен 1-орун Талас облусунун Талас районунан келген Хан-Бүргө мектебине, 2-орун Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан келген №27 орто мектепке, 3-орун Бишкек шаарынын №38 мектебине ыйгарылып, биринчи орун 60, экинчи 50, үчүнчү орун 30 миң сомдон акчалай сыйлыктарга ээ болду.

Калган облус жана шаарлардан келген мектептерге 10 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Республикалык театралдык фестиваль жыл башынан бери жүрүп жаткан.

Таймашка райондук жана обулустук турларда утуп келген 11 мектеп катышты.

Аны маданият жана билим берүү министрликтери биргеликте уюштурган.

Фестиваль 23-марттан 25-мартка чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болуп өттү. (ZA)

XS
SM
MD
LG