Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

БГУда Үркүндүн 100 жылдыгына арналган талкуу өттү


Бишкек гуманитардык университетинин Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунда бүгүн Үркүндүн 100 жылдыгына арналган "тегерек стол" талкуу болуп өттү. «1916-жылдагы көтөрүлүш. Тарых жана анын азыркы кыргыз коому үчүн мааниси» деген темада уюштурулган талкууга студенттер, окутуучулар жана окумуштуулар катышты.

Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында былтыр 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген топ түзүлгөн. Анда "кыргыз калкынын тарыхындагы эң трагедиялуу окуяга тарыхый баа берүү" сунушталган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG