Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Бельгия бийликтери коопсуздукту сактоо тартибин бираз жумшартты


Брюсселдеги курмандыктарды эскерүү.

Брюсселдеги курмандыктарды эскерүү.

Бельгия бийликтери террордук коркунуч деңгээлин бир тепкичке, эң жогорку төртүнчүдөн үчүнчүгө түшүрүүнү чечти. Төртүнчү деңгээл террордук чабуулдардын олуттуу жана түздөн-түз, үчүнчүсү ыктымал коркунучу дегенди түшүндүрөт.

Укук коргоо органдары 22-мартта Брюссель аба майданындагы жана калаа метросундагы жардыруулардан 31 адам курман болгонун ырастады. Бул күнү Завентем аба майданы менен Евробиримдиктин кеңселери жайгашкан имараттарга жакын Мэлбек метро бекетинде удаама-удаа жардыруулар болгон. Бельгия бийликтери бул жардырууну теракт деп атап, премьер-министр Шарль Мишель аны өлкө тарыхындагы эң кандуу калаба катары баалаган. Кандуу калабадан көп өтпөй "Ислам мамлекети" террордук тобу анын жоопкерчилигин аларын жарыялады.

Соңку маалыматтарга караганда, Брюссель аба майданы дале жабык бойдон турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG