Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Францияда "теракт жасамакчы болгон" адам кармалды


Бельгиялыктар курмандыктарды эскерүүдө.
Бельгиялыктар курмандыктарды эскерүүдө.

Франциянын ички иштер министри Бернард Газнев полиция 24-мартта "террордук чабул жасоого даярданган" деген шек менен бир кишини кармаганын жарыялады. Министр Париждин түндүк-батышындагы Аржантей районундагы рейд учурунда кармалган бул адамдын Франция баш калаасында былтыр ноябрдагы же аз күн мурда Брюсселде болгон жардырууларга байланышы бардыгына "салмактуу далил жоктугун" айтты. Ал кармалган адам Франция жараны экенин анын өлкөдө чабуул жасоону көздөгөн террордук уюмга катышы бардыгын айтканы менен, шектүү адамдын аты-жөнүн атабады.

Полиция шектүүнү издөөдө Аржантейдеги көп кабаттуу үйдө жашагандарды коопсуз жерге чыгарып, жардыргыч заттарды зыянсыздандыруучу курал-жарактар менен тинтүү жүргүзгөн. Шектүү адам биртоп убакыт полициянын байкоосунда болгон.

22-мартта Бельгия баш калаасы - Брюсселдеги кош жардыруудан 31 адам, Париждеги былтыр 13-ноябрдагы бир канча террордук чабуулдардан 130 киши мерт болгон. Бул эки шаардагы чабуулдардын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG