Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Украинада орус жаранынын адвокатынын сөөгү табылды


Украинада колго түшкөн Орусия жарандары Евгений Ерофеев (солдо) жана Александр Александров (оңдо).
Украинада колго түшкөн Орусия жарандары Евгений Ерофеев (солдо) жана Александр Александров (оңдо).

Украинада соттолуп жаткан орус жараны Александр Александровдун адвокаты Юрий Грабовскийдин сөөгү табылды. Украинанын Улуттук адвокаттар ассоциациясы ушул ай башында ың-жыңсыз жоголуп кеткен адвокат Юрий Грабовскийдин сөөгү табылганын жана анын өлүмүнө шектүү адам кармалганын 25-мартта жарыялады.

Украинанын башкы аскер прокурору Анатолий Матиос да Грабовский набыт болгонун ырастады.

Грабовский 2015-жылы Украинанын чыгышында дагы бир орус жараны Евгений Ерофеев менен бирге кармалган Александр Александровдун укугун коргоп келген. Ерофеевдин адвокаты Оксана Соколовская Грабовскийдин сөөгү Киев облусунун аймагында көмүлгөн жерден табылганын билдирди.

Александров менен Ерофеев былтыр 16-майда Луганск облусунда стратегиялык көпүрөнү басып алуу аракети учурунда украин аскерлери тарабынан кармалган. Кармоо учурунда алар Орусия куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөрүн мойнуна алганы айтылган. Бирок кийин Киевдеги сотто алар мындай көрсөтмөнү басым астында бергенин айтып, өздөрүнө тагылган айыпты четке кагышкан. Орусиянын коргоо министрлиги бул экөө 2014-жылдын декабрында аскердик кызматтан бошотулганын билдирген.

XS
SM
MD
LG