Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57

Жалал-Абаддын милиция айымдары чек арадагы аскерлерге жардам алып барды


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамында кызмат кылып жаткан айымдар бүгүн Аксы районундагы чек ара тилкесинде турган күч кызматкерлерине тамак-аш азыктарын жеткирип, алардан кабар алышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Айымдар жамаатынан келген өкүл, милициянын подполковниги Чынара Кадырова “Келгенибиздин негизги максаты - бул жерде турган сакчыларга моралдык колдоо көрсөтүү, жаш муундарды патриоттуулука тарбиялоо” деди. Ушундай эле жардамды 22-мартта облустук жаштар коомдору жеткирген.

18-мартта Аксыдагы Чаласарт деген жерге өзбек чек арачылары кирип алган.

Кыргыз Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтып келет. Ал эми жергиликтүүлөр ал жак башынан эле Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери бар экенин билдирүүдө. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG