Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Бүгүн Жалал-Абаддын Аксы районунда акимдин кубогу үчүн жаштар арасында кичи футболдон мелдеш өттү. Ага айыл жаштарынан куралган 12 команда катышты.

Таймашта биринчиликти “Аксы лигасы” командасы алып, акимдин кубогуна ээ болду. Алдыңкы төрт орунду ээлеген топко акчалай сыйлык, ардак грамота берилди. Андан сырткары "мыкты дарбазачы", "мыкты оюнчу", "мыкты калыс" деген аталыштагы атайын сыйлыктар берилди.

Аксынын акими Медет Айдаралиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, бул иш-чара жаштарды ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка үндөө максатында уюштурулду. Анын билдиришинче, Аксыда буга чейин деле жаштар арасында футбол боюнча мелдештер өтүп келген, бирок Аксы райондук администрациясынын кубогу үчүн биринчи жолу уюштурулду.(EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG