Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

ИИМ Ошто сабалган жол кайгуулчунун өзүн айыптоодо


Ички иштер министрлиги Ошто сабалган МАИчинин өзүн айыптоодо. Кечээ кечке маал Ош шаардык жол кайгуул кызматкери Мухаммед Караев таякталып ооруканага түшкөн.

Бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы "жол кайгуулчуну пара менен кармоо учурунда ал терезеден качууга аракеттенген, пара катары сунуштап алып келген 1000 сомдун 500 сомун жок кылууга, операцияны тасмага түшүрүп жаткан видеокамераны сындырганга үлгүргөн" деген маалымат таратты.

Ош шаардык жол кайгуул милициясы Мухаммед Караев ооруканада жатып, өзүн ИИМдин ички коопсуздук кызматкери кабинетине чакырып алып сабаганын билдирген болчу.

Ал бир апта мурун терезеси караңгылатылган айдоочуну токтотуп, 2000 сом айып жазып жатканда ИИМдин ички коопсуздук кызматынанмын деп телефон чалган кишинин тилин албай койгонун чырдын себеби катары түшүндүргөн.

Учурда окуя боюнча тергөө материалдарды Ош шаардык прокуратурасы карап жатат. (YI)

XS
SM
MD
LG