Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:47

Нарында өткөн жылы 34 өспүрүм көз жарган


Нарын облусунда былтыр 34 өспүрүм көз жарды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Динара Жунусова билдирди. Айтымында облуста 2015-жылы төрөгөн аялдардын саны 5545 болсо анын ичинен 15-17 жашындагы 34 өспүрүм көз жарган. Ал эми 2014-жылы мындай 11 учур катталган.

Ушул жылдын январь айында Нарында 14 жаштагы кыз төрөп, коомчулуктун көңүлүн бурган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айгүл Бообекованын билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда секелек кыздар арасында кош бойлуу болуу жана төрөө фактылары жыл санап өсүп, өткөн 2015-жылы 1200гө жеткен. (MiK)

XS
SM
MD
LG